25.09.2018 15:32

Лаборатория «Сары-Өзөн» базарына ветеринардык сертификаттарды кошумча акыга бергени аныкталды

Лаборатория «Сары-Өзөн» базарына ветеринардык сертификаттарды кошумча акыга бергени аныкталды

Бишкек шаардык инспекциясынын бир катар кызмат адамдарынын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык инспекциясынын ветеринардык-санитардык экспертизасынын лабораториясынын кызматкерлери (мындан ары - ВСЭЛ) «Сары-Өзөн» азык-түлүк дүң базарында, иш жүзүндө тамак-аш азыктардын коопсуздугу боюнча ветеринардык жана фитосанитардык изилдөөлөрдү өткөрбөстөн, аларга ветеринардык сертификаттары кошумча акыга берилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүдө контролдук сатып алуу жүргүзүлгөн, анда 2018-жылдын июнь айынан август айына тарта 130 лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө ветеринардык сертификаттар алынган.

Кезектеги тамак-аш азыктарына мыйзамсыз сертификаттарды берүү учурунда ВСЭЛнын башчысы кармалган. Ветеринария жөнүндө мыйзамдарга ылайык, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азык-түлүктөр пайдалануунун коопсуздугун, адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына зыян келтирүүнүн алдын алуу, эпидемияга жол бербөө ж. б. аныктоо максатында, ветеринардык-санитардык экспертизадан милдеттүү түрдө өтүүсү зарыл.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.