13.09.2018 09:57
Ленин айылында чыккан өрттөн 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Аламүдүн районунун Ленин айылында чыккан өрттөн 3 адам күйүк алды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык кечээ түш чендерде болгон. Ленин айылындагы Коммунарская көчөсү №98 дарегинде турак үйдүн жана сарайдын жалпы 136 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүк тартылып, 3 саатка жакын алпурушту. Өрттүн кесепетинен 39 жаштагы А.Д., 38 жаштагы Е.Д., 78 жаштагы В.Л. аттуу жарандар денесинен 5 % күйүк алган.
Алар тез жардам кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага жеткирилип, өрттүн себептери такталууда.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: