14.05.2018 11:28

Лейлек районунда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

Лейлек районунда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

Лейлек районунда катуу жаандын кесепетинен жүргөн селден улам, аймакта өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, кечээ, 13-май күнү саат 16:33 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Ак-Суу айыл аймагындагы Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп,  Чымген айылындагы 2 турак-үйдү жана 15 үйдүн короосун сел  каптаган.

Исфана шаарында бир турак үйдү жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүн суу каптаган. Караташ  айылында  унаа өтүүчү ички чарбалык көпүрө толугу менен жуулуп кеткен. 

Ак-Суу жана  Каракамар айылдарында сел  4 чакырымды түзгөн ички чарбалык жолду жууп кетип, жол убактылуу жабылды. Ошондой эле сел 7 уйду жана 2 электр мамысын агызып кеткен.  

Учурда селдин кесепетинен улам Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак  айылдарында жарык жок. РЭСтен барган бригада жеринде иштеп жатат. 

ӨКМ министри  Нурболот Мирзахмедов Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин көзөмөлдөөгө барат.