28.05.2018 11:15

Лейлек районунун Катран айылында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары бүттү

Лейлек районунун Катран айылында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары бүттү

Лейлек районунун Катран айылында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары бүткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин  маалымат кызматынан билдиришти.

Лейлек районунун Катран айыл аймагында 2018-жылдын 21-май күнү жааган жамгырдын кесепетинен Күнгөй тилкесинде 1 турак үйдүн короосун, 6 жер тилкесин суу каптап жана Ала-Көл тилкесинде 200 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон.

Айыл аймактан 1 экскаватор жана жергилүктүү тургундардан 20 адам тартылып, 27-май күнү Күнгөй тилкесиндеги 1 турак үйдүн короосу, 6 жер тилкеси жана Ала-Көл тилкесиндеги 200 метр ички чарбалык арык толугу менен тазаланып, иш-чаралар бүткөрүлдү.