21.06.2018 09:00

Лейлекте 9 айлык наристе чылапчындагы сууга тумчугуп, чарчап калган

Лейлекте 9 айлык наристе чылапчындагы сууга тумчугуп, чарчап калган

Лейлекте 9 айлык наристе жуунтуп жаткан сууга тумчугуп, чарчап калган. Бул туурасында Turmush агенттиги өз булактарына таянып, жазып чыкты.

Окуя Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Айкөл айылында болгон.

Маалыматта: «19-июнда саат 16:55 чамасында Лейлек аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 9 айлык кыздын  жансыз денесин алып келишкен. Аны жашоого кайтарууга дарыгерлер болгон күч-аракетин жумшап, тилекке каршы, жыйынтык болгон эмес. Белгилүү болгондой, энеси баласын жуунтуп жатып, сыртка дагы суу алып келгени чыкканда, наристе илегендеги сууга түшүп, тумчугуп калган», -деп айтылат.