01.10.2018 13:09

Лунара Мамытова кыргызстандыктарды пенсиясын топтоп, чет өлкөгө эс алып келүүгө чакырды

Лунара Мамытова кыргызстандыктарды пенсиясын топтоп, чет өлкөгө эс алып келүүгө чакырды

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министринин орун басары Лунара Мамытова кыргызстандыктарды «көрө албастыкты, ушак сүйлөгөндү токтотуп», акча топтоп, чет өлкөгө чыгып келүүгө чакырды. Бул туурасында  ал социалдык тармактагы өз баракчасында жазган.

«Франция, Германия, Бельгия, Америка, Турция, Египет , Америка ж.б. өлкөлөргө мен министрликке келгенге чейин эле өз каражатым менен барып келгем. Себеби, менин девизим – «Дүнүйө чогултпай, дүйнө кыдыр!» Ошондо ички дүнүйөң кеңейет, чоңоесун, акылыңа акыл кошулат. 198.5 км2 жерден башка да толтура жер бар. Каткан акчаңды чыгар. Ооба, баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялындагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Көрө албастыкты токтот. Шылтоолорду, актанууну да. Бирөө жөнүндө кыпындай да жаман ойлобо. Ушак сүйлөбө. Жазба да. Укпа да. Жашаш керек. Болгондо да бактылуу жашаш керек», -деп жазган министрдин орун басары. 

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча, пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 401 сомду түзгөн маалда, Мамытованын мындай «чакырыгы»  соцтармак колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты. 

View this post on Instagram

Франция, Германия , Бельгия , Америка, Турция, Египет , Америка ж.б. олколорго мен мурун эле барып келгемин. Министрликке келгенге чейин эле. Оз каражатымдан. Себеби менин девизим-Дунуйо чогултпай, дуйно кыдыр! Ошондо ички дунуйон кенейет, чоноесун, акылына акыл кошулат. 198.5 км2 жерден башка да толтура жер бар. Каткан акчанды чыгар. Ооба баягы кара кунго деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялындагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенмионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Жашоо манызы...Генетикалык кедейчиликтен арылуу... Эртенки кун бугун башталат. Эртен, кечээ абстракттуу. Бугун да. Ушул муноттор гана бар. Коро албастыкты токтот. Шылтоолорду, актанууну да. Бироо жонундо кыпындай да жаман ойлобо. Ушак суйлобо. Жазба да. Укпа да. Жашаш керек. Болгондо да бактылуу жашаш керек. Бул менин жеке аккаунтум, бул себептен мотивациялык гана суротторду тартуулагым келген жана келе берет. Бактылуулук корсоткон. Суйуу корсоткон. Кайгы-капа ансыз деле жетиштуу. Жашыра турган эч нерсе жок. Адам болунуз. Кун сайын, мунот сайын...Бар бол жана дайыма эсинде болсун, азыр жашап башта, зыянынды эч бир инсанга тийгизбе. Жолдо турган ар бир кабанаак итке токтолуп, убакыт текке кетирбе. Жашоо сонун карачы?!

A post shared by Лунара Мамытова (@lunara_mamytova) on