25.06.2018 15:54

Маданият – Жалал-Абад участогундагы 67 чакырым жолду курууга 60 млн доллар бөлүнөт

Маданият – Жалал-Абад участогундагы 67 чакырым жолду курууга 60 млн доллар  бөлүнөт

Маданият – Жалал-Абад участогундагы 67 чакырым жолду курууга 60 млн доллар көлөмүндө каражат бөлүнөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз борборунан билдиришти. 

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек – Ош жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында Маданият – Жалал-Абад участогундагы 67 чакырым жолду куруу үчүн 20 жылдык мөөнөт менен 60 млн доллар көлөмүндө каражат бөлөт. Насыя үстөгү – 1 пайыз, жеӊилдетилген мөөнөт – 8 жыл.

Белгилей кетсек, Маданият – Жалал-Абад жолунун курулушу боюнча өткөрүлгөн тендерде Азербайжандын «АзВирт» компаниясы жеӊип чыккан. Ал жол курулушуна 51 млн 662 миӊ доллар сураган. Жол 36 айда курулуп бүтүүгө тийиш. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жол курулушун создуктуруу айыбынын өлчөмү 19 пайызга белгиленди.