06.11.2018 09:56

Махабат Мавлянова: Маданият министринин кылганы - адамгерчиликсиздик

Махабат Мавлянова: Маданият министринин кылганы - адамгерчиликсиздик

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова ырчы Самара Каримовага болушуп, министрди сындап чыкты. Анын айтымында, Азамат Жаманкуловдун Ош музыкалык окуу жайына жаңы дайындалган ырчыны 3-4 күндөн кийин кызматтан алып таштаганы адамгерчиликке жатпайт. 

Эске сала кетсек, ырчы Самара Каримова 24-октябрь күнү Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалган. 1-ноябрда жаңы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов анын дайындалышын мыйзамсыз деп атап, буйрукту жокко чыгарган.

«Мен ачыгын айтсам, Самара Каримованы жакындан тааныбайт экем. Кол берип да көрүшө элекмин. Ар кандай булактардан, соцтармактардан  ырдап, чыгармачылыгын тартуулаганын көрүп калбасам...Бирок мен айтаар элем, Самаранын Кудай берген талантын талаага таштабай өркүндөтүү үчүн күнү-түнү эмгектенип, мээнетин кетирип, элдин купулуна толгон ырлары, чыгармалары менен элден ыраазычылык алып жатканы, кааласаң-каалабасаң да байкалып турат. Кээ бир жаштарга чайнап берсең да жуткулары келбейт. А Самаранын жетишкендиктери өзүнүн гана мээнеткечтиги, аракетчилдиги деп ойлойм. Мен билем, ар бир жетишкендиктин артында чоң талыкпаган эмгек турат. Самаранын музыкалык окуу жайга жетекчиликке шайлануусун мен туура көрдүм эле. Себеби, эмгекчил адам иш тажрыйбасы болбосо деле, ар кандай тармакта жыйынтык көрсөтө алат. Азамат Жаманкулов министр мырза кайра Самараны 3-4 күндөн кийин кызматтан алып салганы адамгерчиликке деле жатпай калды. Кайрадан Самара Каримованы аталган окуу жайга дайындашы керек деп ойлойм. Самара аталган окуу жайда сөзсүз жакшы жакка өзгөрүү жасай алмак», -дейт эл өкүлү.