20.09.2018 18:13

Мамкаттоо кызматы Кулматовго берилген паспортту жараксыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

Мамкаттоо кызматы Кулматовго берилген паспортту жараксыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна мурда Кубанычбек Кулматовдун атына берилген паспортторду ( ID жана жалпы жарандык) жараксыз деп табуу боюнча доо арыз берилди. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мындай өтүнүчтү Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнөткөн. Кулматовго каршы козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн алкагында, департамент тарабынан түзүлгөн комиссия  «Кулматов 1995-жылы Россиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын паспортун негизсиз алган» деген жыйынтыкка келген. Комиссиянын бул корутундусу УКМКга жөнөтүлгөн. 

«Бул жерде кеп - жарандыктан чыгаруу жөнүндө эмес. Кыргыз Республикасынын «Жарандык тууралуу» мыйзамына ылайык, жарандык -жарандыктан чыккан же жарандыгын жоготкон учурда гана токтотулат», -деп түшүндүрүшөт Мамлекеттик каттоо кызматынан.