13.09.2018 14:07

Мамлекеттик ипотекалык компанияда каражат жок. Депутат өкмөттү программаны колдоого чакырды

Мамлекеттик ипотекалык компанияда каражат жок.  Депутат өкмөттү программаны колдоого чакырды

Өкмөттүн 2019-2020-жылкы бюджетинде «Арзан турак-жай 2015-2020» программасына каражат каралган эмес. Бул туурасында депутат Аалы Карашев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, учурда 15 миңден ашык адам мамлекеттен арзан ипотека алыш үчүн кезекте турат. 2015-жылдан бери 3 миңден ашык адам бул программадан колдонгон. 

«Өкмөт мамлекеттик ипотеканы 6% үстөк менен беребиз деп сөз берген. Жеке эле бюджетте иштегендерге эмес, башкаларга да берилет деп айтылган. Азыр бул программа токтоп турат, кийинки жылдарга каражат каралбаптыр. Өкмөт мунун  үстүндө иш алып барбаса болбой калат», - деди Карашев.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан April.kg порталына билдиришкендей, учурда программа каражаттын тартыштыгына кабылып, иш солгундоодо.

«Быйыл бизге өкмөт 800 млн. сом берген. Ал каражат жайга жетпей эле түгөндү. Азыр жеке менчик банктарга кайрылып, өз каражатыңардан берип тургула деп өтүнүп жатабыз. Айрымдары макул болуп, аз-аздан берип жатат. Бирок, анда да эмдиги жылы кайра кайтарып бересиңер деген шарт коюп туруп беришет. Азыр 3,5 миң киши акча күтүп, кезекте турат. Башка каражат булактарын деле издеп жатабыз», -деп билдирди МИКтин банктар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Даакыбаев.

Ал ошондой эле, компания учурда 200 миллион сомго баалуу кагаздарды чыгарганын, учурда анын 5 миллионуна кардар чыгып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды арзан турак-жай менен камсыздоо максатында 2015-жылы уюшулган. Учурда  12 999 адамдан арыз түшүп, анын 3 427си арзан үстөк менен үй сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Аларды каржылоого жалпысынан 3,7 млрд сом жумшалган.