28.09.2018 09:42

Мамлекеттик ишкана жетекчиси кызматкерлерин өз огородуна алып барып, жүгөрү жыйнаткан

Мамлекеттик ишкана жетекчиси кызматкерлерин өз огородуна алып барып, жүгөрү жыйнаткан

Кара-Көл шаарынын Каскад Токтогул ГЭСинин Коммуналдык комбинат ишканасынын жетекчиси кол алдындагы жумушчуларды өз огородуна алып барып иштеткен. Бул туурасында Фейсбуктагы өз баракчасында Кудрет Тайчабаров аттуу колдонуучу жазып, далил катары тасмасын жарыялады. 

«Президенттин жарлыгына ылайык 2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Көрсө, региондогу жетекчилер өзүнүн чарбасын жумушчулардын күчү менен өнүктүрүш керек деп түшүнүп алган окшойт. Электр станциялар ААК жетекчилиги, кандай кадрды жетекчилик кызматка койгонсуңар? Садагаң болоюн Саветтен эмес (Кара-Кулжадан), коркпой кызматтан алгыла. Себеби, түнкү сменден эс алууга чыккан жумушчу кайра эс албай жумушка чыккан болсо уктап калып, чоң кырсык болушу мүмкүн.  Арасында кароолчулар, сантехниктер, жооптуу кызматкерлер жүрөт. Андан да атасындай болгон аксакалдарды, энесиндей болгон апаларды иштетип койгону кандай? «Электр станциялары» АККсы, чара колдоносуңарбы же жергиликтүү жетекчилер бай-манапские замашки менен жашай беришеби?», -деп жазган колдонуучу.