14.08.2018 09:00

Мамлекеттик ишканаларга финансы-чарбачылык жыйынтыгына жараша маяна коюлат

Мамлекеттик ишканаларга финансы-чарбачылык жыйынтыгына жараша маяна коюлат

Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык жыйынтыктарына жараша болот. Натыйжасыз ишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди.

«Мамлекеттик ишканаларды башкарууга мыкты менеджерлер тартылып, мамлекеттик ишканаларды ишенимдүү башкарууга ɵткɵрүү тажрыйбасы киргизилет», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Өз сөзүндө Өкмөт башчы мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатындагы учурдагы жаңы киргизүүлөргө басым жасады.

Анын ичинде, күтүлүп жаткандай, “Кыргыз почтасы” акционерлештирилет жана почта-банк түзүлөт. Муну менен бирге “Кыргыз темир жолунун” башкаруу системасына жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен каралып чыкмакчы.