03.10.2018 11:28

Мамлекеттик кызматкер аны Сапар Исаковду колдогону үчүн кызматтан алышканын жазып чыкты

Мамлекеттик кызматкер аны Сапар Исаковду колдогону үчүн кызматтан алышканын жазып чыкты

Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын мурунку орун басары Алмаз Асанбаев социалдык тармактагы баракчасына аны мурунку премьер-министр Сапар Исаковду колдоп, комментарий жазганы үчүн кызматтан алышканын жазып чыкты.

«Мамлекеттик кызматтан бошотулушума Сапар Исаковду колдоп пикир калтырганым себеп болгонун билдим. Ооба, мен Сапар Исаков экинчи Исхак Раззаков боло алмак деп жазгам, анткени, дал ушул адам коомдогу тазалык үчүн күрөшүп, эми төрт дубалдын ичинде камалып отурат. Мени абдан көп адамдар колдоп чыгышты. Сөз менен гана колдошкон жок. Алар менин кызматтан эмне себеп менен бошотулганымды сураштырып, биринчи булактардан Сапарды Манастын деңгээлине көтөрүп койгонум үчүн кызматтан алынганымды угушуптур. Көрсө, Сапарга каршы кампания жүрүп атканда, менин бул сөзүм аларга жакпай калыптыр», -деп жазат Асанбаев.

Ал ошондой эле, мурунку өкмөт башчыны университет босогосун аттагандан тартып тааный турганын айтып, жакшы сапаттарын белгилейт.

«Мен Сапардын эч кандай акча жебегенине ишенем. Анын камакка алынышы башкадан белги берет. Уурулар боштондукта жүрөт, татыктуулар түрмөдө отурат», - деп жазды Асанбаев.

Эске салсак, Алмаз Асанбаев 2018-жылдын май айында Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулган. Бул кызматка ал 2016-жылы январь айында дайындалган.