04.07.2018 11:18

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады. Салтанаттуу иш-чара КР Салык кызматынын кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында өттү.

Алсак, экономиканын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнө жигердүү катышкандыгы, 2017-жылдагы жана 2018-жылдын 5 айындагы иштеринин натыйжалары боюнча салык мыйзамдарын ак ниети менен аткаргандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болушту:

өндүрүш чөйрөсүндө:

«Даннург-Юг» ЖЧК (Ош обл.),

«Нур» ЖЧК (Баткен обл.), «Улан» ААК (Ысык-Көл обл.);

айыл чарба чөйрөсүндө: «Ак-Куу» ААК (Чүй обл.);

соода чөйрөсүндө: «Кулуке» ЖЧК (Бишкек ш.), «Сталь

Торг» ЖЧК (Бишкек ш.), «РУСТЭЛЬ» ЖЧК (Чүй обл.).

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров тийиштүү тастыктамаларды жана дипломдорду тапшырып жатып, Салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга олуттуу салым кошуп жатышкан жана салык мыйзамдарын бекем сакташкан ак ниет салык төлөөчүлөргө жогору урмат-сый менен мамиле кылаарын белгилеп, алардын ишине жаңы жетишкендиктерди каалап өттү.

«Мыкты салык төлөөчү» сыйлыгынын негизги максаты – экономиканын ар түрдүү тармактарында ийгиликтүү иштеген компанияларды жана ишканаларды сыйлоо, салык төлөөчүлөрдүн бизнести таза, ачык-айкын жана сабаттуу жүргүзүүлөрүн кеңири жайылтуу жана салык маданиятын калыптандыруу». -деп айтылат маалыматта.