03.07.2018 11:05

Мамлекеттик салык кызматы патентти интернет аркылуу берип баштайт. Аны алуу жол-жобосу

Мамлекеттик салык кызматы патентти интернет аркылуу  берип баштайт. Аны алуу жол-жобосу

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул туурасында МСКнын басма-сөз кызматынан билдиришти. 

Жаңы кызмат патентти аралыктан, башкача айтканда МСКнын сайты аркылуу тариздөөгө мүмкүндүк берет, бул милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө алектенген жалданма жумушчуларга патент жана ыктыярдуу, милдеттүү патенттерди алуу процессин жөнөкөйлөтөт.

Салык төлөөчүлөр ар бир жолу салык органына барбастан, кеңсесинен (соода жана кызмат көрсөтүү түйүнүнөн) же үйдөн чыкпай туруп интернет аркылуу каалаган убакытта патент сатып ала алат. Ал эми патент үчүн акыны терминал, банкомат, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары, банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфратүзүмдү түзгөн башка түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Азыркы учурда патент берүүнүн колдонуудагы тартиби салык төлөөчүлөрдүн бир топ убактыларын (патент берүү пунктуна келүү, ага жана кассада кезекте туруу, кайра кеткендеги жол убактысы) алат жана салык органына барбай туруп, ошондой эле өзүнө ыңгайлуу мезгилде патент сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок.

Демек, МСКнын "Электрондук патент" долбоорун ишке ашыруу салыктык тескеп-башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, жол-жобонун жеткиликтүүлүгүнүн жана жагымдуулугунун эсебинен ишкерлердин камтылышын кеңейтет. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Пилоттук долбоорду аяктагандан кийин – 1-августтан тарта, башка аймактардагы ишкерлер да салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишмердигин ишке ашырууга патент сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Электрондук түрдө патент алуу кандай жүрөөрүн April.kg порталына Мамлекеттик салык кызматынан кенен айтып беришти. Ал үчүн:  

1.  http://www.sti.gov.kg/ дареги боюнча  барасыз.

2.  Ал жактан  "Салык төлөөчүнүн кабинетине" (сол тарапта  көк түстө  жазылган)  киресиз.  

3.  Жеке кабинетиңизден сайттын оң жагындагы “Каттоодон өтүү” бөлүмүн тандап, басасыз.

4.  Башка баракча ачылып, ал жерде толтура турган документтин  үлгүсү болот.

Өзүңүздүн ЖИНди  (ИНН)  киргизгенде сиз тууралуу маалыматтар чыгат. Ылдый жакка сыр сөз (пароль) ойлоп таап, киргизесиз, аны бышыктайсыз, ошондой эле сиз робот эмес адам экениңизди тастыктайсыз. Сыр сөзүңүздү эстеп калышыңыз абзел. Унутуп калсаңыз, аны эч ким сизге калыбына келтирип бере албайт, кайра каттоодон өтүп убара болосуз.  

5.  "Арызды түзүү" дегенди басасыз. Тутум түзгөн форманы сактап алып, басып чыгарасыз да жашаган жериңиз боюнча салык органына кайрыласыз.  

6.  Райондук салык органынан сизге логин беришет. Анын жардамы менен сиз salyk.kg  сайтындагы “Жеке кабинетиңизге” кирип, МСКнын  электрондук кызматтары менен пайдалана аласыз. Аны менен бирге патент да ала аласыз.

Логинди бир жолу алуу жетиштүү.