09.08.2018 11:37

Мамлекеттик салык кызматына жарандардан алты айда жүз кайрылуу түшкөн

Мамлекеттик салык кызматына  жарандардан  алты айда жүз кайрылуу түшкөн

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Мамлекеттик салык кызматына жарандардан жана юридикалык жактардан 100 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен электрондук почта аркылуу – 15 билдирүү, жазуу жүзүндө – 64, “ишеним телефонуна” – 15 жана массалык маалымат каражаттары аркылуу – 6. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

100 кайрылуунун ичинен 50 билдирүү салык органынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери, 9 – салык мыйзамдарын бузган салык төлөөчүлөр боюнча жана 41 – башка ар түрдүү маселелери.

Келип түшкөн бардык кайрылуулар КР мыйзамдарына ылайык каралды. Кызматтык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, салык органдарынын кызматкерлеринин укукка жат аракеттери тууралуу 50 билдирүүнүн ичинен 21 арыз боюнча фактылар далилденди, 23ү боюнча далилденген жок, ал эми 2 билдирүү кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 3 кызматкер иштен бошотулду, 1 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланды, 5 кызматкерге сөгүш жарыяланды, 6 кызматкерге эскертүү берилди, 4 кызматкерге катуу эскертүү берилди, 1 кызматкер ротациялоого дуушар болду, ал эми 1 факт боюнча материалдар прокуратурага берилди.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө салык мыйзамдарын бузган салык төлөөчүлөр тууралуу 9 кайрылуунун ичинен 6 билдирүү боюнча фактылар аныкталды жана мыйзам бузгандарга административдик мүнөздөгү чаралар колдонулду. Эки билдирүү боюнча фактылар аныкталган жок, ошондой эле 1 билдирүү кароо стадиясында турат.

Мындан тышкары, жыл башынан бери Салык кызматынын жетекчилиги 51 жаранды кабыл алган, алардын ичинен жеке маселелери боюнча – 25 адам, салык мыйзамдарынын маселелери боюнча – 26

Салык кызматы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында жана ыкчам кароо максатында Салык кызматынын системасында бардык жерде “ишеним телефондору”, электрондук кайрылууларды алуу үчүн электрондук даректер, “коомдук кабылдамалар” иштей жатканын эскертет.

Бул болсо жарандарга ыңгайлуу болгон бардык формада – кат, оозеки же электрондук түрдө кайрылууга мүмкүндүк берет. Мында, жарандар салык кызматкерлеринин иши боюнча эле эмес, өз ишин салык мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырган ишкерлердин үстүнөн да даттануу менен кайрылышса болот.

Келип түшкөн кайрылуу жана даттануулар боюнча Салык кызматы андан ары тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн кызматтык териштирүүлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзөт.