13.01.2020 15:35

Мамлекеттик телеканалда жетекчи алмашты. Эми "ЭлТРди" жаңы директор башкарат

Мамлекеттик телеканалда жетекчи алмашты. Эми "ЭлТРди" жаңы директор башкарат

Мусаев Айбек Ырсалиевич берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду. 

Белгилей кетсек, ал аталган телеканалды 2016-жылдан бери жетектеген. Ага чейин өкмөттүн басма-сөз кызматында эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ал эми бошогон орунга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 41-жаштагы Керимбек Калыкуловду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директор кылып дайындады.  

Кошумчалай кетсек, Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

  • «Ош шамы» гезитинин башкы редактору;
  • Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси;
  • Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу;
  • Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору;
  • «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары;
  • Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген. 

2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.