16.04.2018 18:10

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы ЖКга жөнөтүлдү

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы ЖКга  жөнөтүлдү

Өкмөт Жогорку Кеңешке «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын кароого жөнөттү.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты – мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо процессиндеги процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана мөөнөтүн кыскартуу. Бүгүнкү күндө республикада 16 МЖӨ долбоору активдүү ишке ашырылууда, алардын жалпы наркы 165 млн. АКШ долларынан ашуун сумманы түзөт.

Тактап айтканда, Мыйзам долбоорунда пайдаланылып жаткан «мамлекеттик өнөктөш» түшүнүгү кеңейтилип, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди камтыйт, ошондой эле мамлекеттик өнөктөш катары бир, же бир нече субьектилердин чыгуусуна укук берет.

Буга катар «кызыкдар жак», «тендер катышуучусу», «консорциум», «тендерге катышуу үчүн квалификациясына сурама», «тендерге катышуу үчүн сунуштарга сурама», «МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш» жаңы  түшүнүктөрү киргизилген.  Эң негизгиси – тендердик документтердин көлөмү 4 документтен 2ге дейре кыскарган: болгону тендерге катышуу үчүн сунуштардын сурамасы жана МЖӨ тууралуу келишим долбоору талап кылынат.

Мындан тышкары, жеке өнөктөштү тандоо боюнча тендер өткөрүү жана МЖӨ жөнүндө келишимди аткаруу процедурасы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамын пайдалануусуз түрдө өткөрүлүүсү такталууда. Жаңы редакцияга ылайык, тендер жеңүүчүсүн тандоону өткөрүү үчүн бир тендердик сунуштун түшүүсү жетиштүү.

Ошондой эле Өкмөт аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан улам, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ортосунда алар тууралуу жоболорду бекитүү ыкмасы менен ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча функцияларды бөлүштүрөт.

Буга байланыштуу финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укугу мыйзам алдындагы ченемдик актыларда бекемделет.

Буга катар мыйзам алдындагы ченемдик актыларда тендерди өткөрүү процессинин мөөнөтү так көрсөтүлөт.

Белгилесек, «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» КР Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, эгерде учурдагы редакцияга киргизилген өзгөртүүлөр ченемдик-укуктук актынын текстинин жарымынан көбүн түзсө, жаңы редакциядагы мыйзам долбоорун демилгелөө сунушталат.

.