18.09.2018 18:02

«Манас» аба майданы кошумча учуп-конуучу тилкеге муктаж

«Манас» аба майданы кошумча учуп-конуучу тилкеге муктаж

«Манас» аба майданында кошумча учуучу конуучу тилкени куруу үчүн 500-600 миллион сом керектелет. Бул тууралуу коомдук угууларда Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, америкалык база өлкөдө жайгашып турган маалда бул маселе оң жагына чечиле баштаган. Америкалыктар учактары үчүн тилке курууга даяр болушчу. Эми, акча табуу көйгөйү жаралды. 

«Транзиттик залда жүргүнчүлөр 4 саатка чейин күтүп калышууда. Авиакомпаниялар аларды тамак-аш жана мейманкана менен камсыздаганга туура келүүдө. Орусиянын аймактык аба майдандарында белгилүү бир багыттар боюнча «Ачык асман» долбоору иштейт. Биз дагы убакыттын өтүшү менен ошондой кылышыбыз керек. Мисалы, «Тамчы» аба майданын белгилүү бир өлкөлөр үчүн гана ачуубуз керек. Биринчи аба майдандарды ойлонолу, андан кийин «Ачык асман» тууралуу жарыя кылалы», -деди Курманбек Акышев.