18.07.2018 10:31

«Манас» аэропортуна түшкөн чагылгандын кесепеттери жоюлду

«Манас» аэропортуна түшкөн чагылгандын кесепеттери жоюлду

«Манас» эл аралык аэропортуна түшкөн чагылгандан адамдар жабыр тарткан жок. Бүгүн анын кесепеттери жоюлду. Бул туурасында April.kg порталына «Манас» аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, чагылгандан учуучу тилкедеги асфальтта анча чоң эмес оюк пайда болгон. Курман болгондор жана жапа чеккендер жок. «Чагылган перрон аймагына туш келген - бул чоң учуучу тилке.Ошондой эле, жарык менен сигнал берүүчү тутум бир аз жабыркады. Биздин кызматкерлер чагылган түшкөнүн дароо байкап, тиешелүү чара көрүштү», -  деп билдирди Алия Курбанова.

Ал кечээ саат 8:00дөн баштап аэропорт штаттык режимде иштеп баштаганын билдирди.  

Эске сала кетсек, 17-июлда саат 6:00дөн  8:00гө чейин «Манас» эл аралык аэропорту техникалык себептер менен жабылган болчу.  Андан улам. Санкт-Петербург-Бишкек каттамы менен учуп келаткан учак Ошко конгон.