16.07.2018 11:41

Манас проспектисиндеги оңдоо иштеринен улам 20 чакты маршрутка өз багытын өзгөрттү

Манас проспектисиндеги оңдоо иштеринен улам 20 чакты маршрутка өз багытын өзгөрттү

Манас кең көчөсүнүн тилкеси жабылганына байланыштуу коомдук транспорттун багыты өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, Манас проспектисинин Токтогулдан Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу коомдук транспорттун кыймылынын багыты өзгөрүүгө дуушар болду.

№: 102, 104, 118, 132, 148, 167,170, 188, 200, 203, 204, 216, 223, 236, 262, 265, 266, 269 маршруткалар түндүк тарапка Турусбеков, Бөкөнбаев, Манас проспектиси менен келип,  андан ары эски жол менен кетишет. Түштүк тарапка кыймыл Манас кең көчөсү, Бөкөнбаев, Исанов көчөлөрү аркылуу жүрүп, андан ары эски багыт менен уланат.

215, 264 маршруттук таксилер түндүк багытында Үмөталиев, Бөкөнбаев, Манас проспектиси, кайра кайтканда Бөкөнбаев, Исанов, Киев көчөлөрү менен келип, андан ары эски жолун улайт.