03.04.2018 17:56

Манас проспектисинин эки тарабына веложол салуу демилгеси жактырылды

Ч. Айтматов жана  Манас проспектилеринин унаа өтүүчү бөлүгүн кеңейтпей туруп,  кайра куруунун алкагында көчөнү жакшыртуунун эскиздик планы иштелип чыкты.  Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

«Бишкекбашкыархитектура» ишканасында калаа башчысы Албек Ибраимовдун катышуусу менен  аталган жолдун  Семетей көчөсүнөн  Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүн оңдоо боюнча  долбоордун  презентациясы өттү.

Долбоорго ылайык, жолдун эки тарабында веложол салынаары, ошондой эле көчө жарыктарынын жаңыртылаары күтүлөт.  Көчөнүн унаалар өтчү бөлүгү  кеңейтилбейт жана  жол четинде тигилген өсүмдүктөр болушунча сакталат.

Мэр долбоордун иштеп чыгуучуларына техника ишине жолтоо болуучу 10 бакты сактап калуу айласын табуу тапшырмасын берди. 

Эскиздик  долбоордо ошондой эле коомдук транспорт үчүн заманбап аялдамаларды  куруу жана көп сандагы аба чубалгыларын жер алдына өткөрүү каралган.

Жыйынтыгында, мэр «Бишкекбашкыархитектура» тарабынан сунушталган  концепцияны жактырып, казынанын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен акырына чейин иштеп чыгууну тапшырды.