25.06.2018 10:41

Манас проспектисинин тилкеси жабылгандыктан, коомдук транспорттордун жүрүү багыты өзгөрдү (схема)

Манас проспектисинин тилкеси жабылгандыктан,  коомдук транспорттордун жүрүү багыты өзгөрдү (схема)

Манас проспектисинин Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылганына байланыштуу, коомдук транспорттордун жүрүү багыты өзгөрдү. Бул туурасында Шаардык транспорт башкармалыгына таянып, мэриядан билдиришти.

Төмөндө маршруттук таксилердин кандай багыт менен жүрөөрү келтирилген:

№ 136, 139, 143, 199, 219, 225, 107  маршруттук таксилеринин каттамы  Чүй проспектиси, Турусбеков жана Киев көчөлөрү (эки тарапка тең)  менен ишке ашырылып, андан ары өз багыты менен кетет .

№ 215, 148, 264, 132 маршруттук таксилери чыгышты көздөй Турусбеков, Москва,  Манас проспектиси менен жүрсө,  батышты көздөй  Токтогул, Турусбеков, Киев  көчөлөрү менен кетет. 

№№ 150, 188 маршруттук таксилер Манас, Чүй проспектилери менен өтүп,  Исанов, Токтогул көчөлөрү аркылуу эски багытына түшөт.

 № 167, 262  маршруттук таксилер Манас проспектиси, Москва жана  Тоголок Молдо көчөлөрү менен жүрөт. Кайра кайтканда - Манас, Чүй проспектиси жана Исанов, Токтогул көчөлөрү менен келип, андан аркы эски багыты менен ишин улантат.

№ 192 маршруттук таксилер  түндүк багытында Киев, Тоголок Молдо көчөлөрү менен келип, андан ары эски жолун улантат. Кайра кайткан багыты өзгөрүүсүз калат.

№ 203, 216 маршруттук таксилердин кыймылы Манас проспектиси, Москва көчөсү, Тоголок Молдо көчөсү аркылуу жүрөт. Кайра кайтканда Исанов, Токтогул жана Манас проспектиси менен келет.

№ 220 маршруттук таксинин кыймылы эки багытка тең Чүй проспектиси менен жүрөт. 

№ 222 маршруттук таксинин каттамы ( чыгышты көздөй) жана №№186, 170 маршруттук таксилердин каттамы (эки тарапка тең) Киев, Исанов, Токтогул көчөлөрү менен ишке ашырылат.

№ 223 маршрутка Москва, Тоголок Молдо, Чүй проспектиси менен жүрөт. Артка кайтканда Турусбеков, Москва, Манас проспектиси боюнча келет. 

№ 243 маршрутка  Чүй, Жаш Гвардия, Киев ( эки тарапка тең) көчөлөрү менен келип, андан ары эски багыты менен жолун улантат. 

№ 200 маршрутка Турусбеков, Москва, Манас проспектиси (түштүк тарапка) менен жүрөт, кайра эски багыты менен келет.