06.07.2018 15:44

Манас-Киев көчөлөрүнүн кесилиши 7-июлда убактылуу жабылат

Манас-Киев көчөлөрүнүн кесилиши 7-июлда убактылуу жабылат

Манас проспектиси менен Киев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылганына байланыштуу коомдук унаанын кыймылы өзгөрөт. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти. 

7-июль күнү саат 8:00дөн 22:00гө чейин № 103, 107, 109, 129, 135, 136, 143,150, 164, 192, 196, 199, 219, 220, 224, 225, 227, 243, 254, 258, 260, 262 маршруттук таксилердин багыты өзгөрүп, жабык тилкени айланып, Чүй проспектиси менен жүрүп турушат. 

№7 троллейбустук каттамдын жүрүү схемасы кыскартылып, циркке чейин гана келет. №14 троллейбустук каттам убактылуу жабылат. 

№42 автобустук каттам Чүй проспектиси менен жүрөт, №9  автобус Токтогул жана Москва көчөлөрүнө түшөт.