14.09.2018 15:38

Маршрутка албай кеткен пенсионер: Ал күнү үйгө кете албай, жолдо 1 сааттан ашык турдум

Маршрутка албай кеткен пенсионер: Ал күнү үйгө кете албай, жолдо 1 сааттан ашык турдум

Бишкекте №223 маршруттук  каттам албай кеткен 75 жаштагы пенсионер Вадим Леонидович окуя тууралуу Kаktus.media порталына айтып берди. Маалыматка караганда, карыя коомдук транспортко түшүүдө мындай көрүнүшкө көп учурда тушугат.

«Менин байбичем - майып, ал баса албайт. Андыктан, мен анын ордуна мамлекеттик мекемелерге барып турам. Өзүм дагы оорулуумун, бирок, жок дегенде баса алам. Ал күнү байбичемдин иштери менен жүргөм. Октябрь райондук соцфонддон чыгып, маршрутка күтүп калдым. Жарым сааттан ашык турдум, бирок, бир да коомдук унаа токтогон жок. Мындан улам, аялдаманы көздөй жөнөдүм. 500 метрдей аралыкты өткөм, чарчап да калдым. Дагы 40 мүнөт маршрутка күтүп турдум. Бирок, эч бир маршрутка токтогон жок. Мындай көйгөй менде эле эмес, бардык пенсионерлерде бар болсо керек. Бизди эмнегедир маршруткага салгылары келишпейт», - деген Вадим Леонидович.

Ал ошондой эле, эч ким чалбаганын жана кечирим сурабаганын билдирди. «Мен мага жардам берген кызга ыраазымын. Анын жардамынын арты менен гана үйүмө жете алдым», - деди пенсионер.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте №223 маршрутканын айдоочусу жөнөкөй кийинген кары адамга унаасынын эшигин ачпай жүрүп кеткени тартылган тасма жарыяланган. Бул ЖМКларда тарап кетип, айдоочунун жоругу катуу сынга кабылган.

Бир нече убактан кийин мэрия айдоочу жана ал иштеген жүргүнчүлөрдү ташуучу фирманын ээси калаа мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгына чакырылганын билдирген. «Бул маселени ЖКККББ менен бирге карап чыгабыз. Айдоочу тиешелүү жазасын алат», - деп убадалашкан мэриядан. 

Кийин айдоочу иштеген «Кут консун» ЖЧКсынын жетекчиси аксакалдан жана Бишкек шаарынын тургундарынан өзүнүн жана айдоочунун атынан кечирим сураган.