03.04.2018 12:34

Кичи автобус айдоочулары мөөнөтсүз митингге чыгабыз деп коркутууда

"Жол кире 15 сомго жогорулап, милдеттүү камсыздандыруу полисинин баасы арзандатылсын. Жол коопсуздук кыймылынынын өкүлдөрү маршруттук таксилерди тосконун токтотсун. Коомдук транспорт айдоочулары бирдей форма кийбейт!"

Биз жогоруда сөз кылган айдоочулардын талаптары мына ушулар. Ошол эле учурда мэрияга караган троллейбус жана автобустар элди тейлегенге жетишкен жок. Бишкек шаарынын 80 пайыз жашоочуларын кичи автобустар тейлейт. Бишкектиктердин бутуна жана капчыгына күч келтирген окуяга April.kg кабарчысы Айнура Исмаилова токтолот.