29.08.2018 18:44

Мавлян Аскарбеков: Шаардык кеңештин чабал депутаттарын 2019-жылы таратыш керек

Мавлян Аскарбеков: Шаардык кеңештин чабал депутаттарын 2019-жылы таратыш керек

Жаңы мэрдин жаңы аппарат башчысы кечээ жарандык активисттерди чогултуп, жолугушуу өткөрдү. Анда Балбак Түлөбаев мындан ары ЖМК өкүлдөрү, жарандык активисттер менен ачык  иштешип,  чогуу-чаран Бишкекти өнүктүрөбүз деп агынан жарылды. Жолугушууда кандай көйгөйлөр талкууланып, эмне чечимге келишкенин иш-чарага катышкандардын өз оозунан угуу үчүн «Апрель» телеканалынын «Жаңылыктар кечине» жарандык активист Мавлян Аскарбеков чакырылган. 

- Саламатсызбы, Мавлян  мырза! Студиябызга кош келипсиз. Эң алгачкы суроо, бүгүнкү жолугушуу кандай өттү?

-Бүгүн абдан конструктивдүү, жакшы жолугушуу болду. Ондон ашык жарандык активист чакырылган. Баса белгилеп кетейин, Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Зарлыкович менен жолугушуу расмий эмес түрдө өттү. Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты- мэр менен боло турган жолугушууга даярдык, активисттер тарабынан суроолор болобу, талап-сунуштар болобу, ошолордун баарын консолидация кылып, даярданып, анан мэр менен жолукканда конкреттүү, деталдуу ишке өтүү болду. 

- Расмий түрдө жолукканга аппарат башчынын укугу барбы?

-Негизи аппарат башчынын жолугушуу өткөрүп, кандайдыр бир чечим кабыл алууга укугу жок. Бирок, бүгүнкү жолугушуу мэр менен боло турган жолугушууга даярдык иретинде расмий эмес өттү. 

-Буга чейин өлкө тарыхында президенттер, премьер-министрлер жарандык активисттер менен өздөрү жолугуп келген. Биздин мэр жарандык активисттер менен жолугууга аппарат жетекчисин жиберип жатканын коркуу катары сыпаттасак болобу?

- Корко турган эч нерсе жок. Биз бүгүн өзүбүздүн сунуштарыбызды, талаптарыбызды конкреттүү түрдө айтып, мэр менен жолугушууга даярдандык десек болот. Аппарат башчысы «Биз маалымат каражаттары менен, активисттер менен кайрылган жарандардын ар бири менен ачык иштегенге даярбыз» деп айтты. Бүгүн жолугушуубуз ачык болуш үчүн өзүбүздүн журналистти алып барып, жолугушуу баштан-аяк түз эфирде социалдык тармактарда көрсөтүлдү. 

- Буга чейин Азиз Суракматовдун мэр болушуна жарандык активисттер каршы чыгып, мэриянын алдында акция уюштурушту эле. Азыр оюңуздар өзгөрдүбү же? 

- Биз буга чейин бир нече ирет тегерек стол, мэриянын имаратынын алдында митинг өткөрдүк. Биздин негизги талап - мэриядагы коррупцияны жоюу. Ошондой эле, мэриянын ишин көзөмөлдөгөнгө милдеттүү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары өздөрү коррупцияга аралашып, өздөрүнүн жеке бизнестерин коргоп, шаардын, шаардыктардын  көйгөйүн козгобой, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн отургандыгын айтып чыкканбыз.

-Сиз жарандык активист катары көп мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы чыгып келатканыңызды билебиз. Кечээки курулушчу бүгүн мэр кызматына отуруп калды. Сиздин оюңузча, Азиз Суракматовдун бул бизнеси мэр катары иш алып баруусуна зыянын тийгизеби?

- Бул суроо бүгүн аппарат башчысына да конкреттүү түрдө берилди. Мэр менен жолукканда да бул суроону кабыргасынан коебуз. Суракматовдун «Елизаветта» деген курулуш компаниясы жана андан тышкары ондогон компаниялары бар экенин журналисттер да иликтеп чыкты, биз да билебиз, мэр өзү деле айтты. Биз конкреттүү түрдө ошол маселелерди - коррупцияга аралашпоо маселесин, уурулукту болтурбоо маселелерин көтөрүп чыгып, ошону көзөмөлдөй турган шаардык кеңеш өз функциясын аткара албай калгандыктан, мэриянын алдында активдүү жарандардан турган коомдук кеңеш түзүү тууралуу сунуштарыбызды берип чыктык.

Азырынча бул сунуш гана. Кийин мэр менен жолугушуу алдында бүт документтерди даярдап, кеңешке ким кирет, кандай шартта түзүлөт- ошонун баарын иреттеп, тактап туруп, мэрге киргенде аны кабыл алгандай кылып талап коебуз. Эгер биздин бүгүн берилген сунуш-талаптар ишке ашпай турган болсо, анда бул команда дагы коррупционерлердин жолуна түштү дегенди билдирет. 

- Шаар мэри шайланганга чейин ага жана шаардык кеңештин депутаттарына катуу каршы чыгып жаттыңыз эле. Азыркы сөздөрүңүзгө караганда кайра колдоп калгандайсыз?

- Мен мэрди колдогон жокмун. Кийин мэр менен жолугушуу болгондо, анын ачык өтүшүн, журналисттер катышышын талап кылабыз.Себеби, түркүн сөздөр болбосун деп жатабыз. Мен бүгүн конкреттүү түрдө эмнени айттым? Кытай тараптан бир миллиард юань грант катары Бишкек шаарына бөлүнүп берилген. Андан тышкары, 160 миллион юань бөлүнгөн. «Бишкекасфальт» ишканасы 1,6 миллиард сом алып, жолдорду куруп атат. Жолдордун сапатын баарыбыз көрүп атабыз, бир кыштан чыкпай калып атат. Мына ушул курулуш маселеси, бактар маселеси. бала бакча, коомдук транспорт маселеси. Мына ушулардын баарын биз дыкаат көзөмөлгө алып, коррупционерлерди жоопко тартып, иштетпесек, бул маселелер улана берет. Ошондуктан, бизде коомдук кеңеш түзүү ою жаралды. Эгер биздин бул сунуш мэр тарабынан кабыл алынбаса, анда мэрге «сиз биздин шаарды тонош үчүн, коррупциялык иштерди улантыш үчүн келгениңиз айдан ачык болуп калды.Биз сизге ишенбейбиз» деп айтабыз. 

-Кийин сиздердин сөздү тоготпой коет деп ойлобойсуздарбы?

-Биздин айткан сөздөрдү угат. Анткени, бүгүн эки премьер-министр түрмөдө отурат. Кол тийбестикке ээ адамдар түрмөдө отурат. Эми коррупция менен күрөш ортоңку жана ылдыйкы деңгээлге да түшөт деген ишеничтебиз. Президент коррупция менен күрөшөм деп айтканынан, биз дагы ошого бел байлап, биз эле эмес, шаардыктар баарыбыз чогуу коррупция менен күрөшкө аттанышыбыз керек. 

-Сиздер түзө турган коомдук кеңеш эмне иш менен алек болот, аларды ким каржылайт, анын мүчөлөрүнө маяна төлөнөбү? 

- Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, бардык өнүккөн мамлекеттердин борбор шаарларында коомдук кеңеш бар. Андан сырткары, биздин Кыргызстанда да кичинекей шаарларда коомдук кеңештер түзүлгөн. Азыр Балыкчы,Каракол шаарларында андай кеңештер иштеп атат. Бирок, Бишкекте ушуга чейин жок. Ошондуктан, «Келгиле, коомдук кеңеш түзөлү, ага журналисттер, активисттер, шаар тургундары кирсин, курамын тактайлы, сапатын тактайлы. Андан кийин реформаларды ишке ашыралы, коррупционерлерге бөгөт коелу» деген жакшы үмүт, тилек менен бүгүн аппарат башчыга сунуштарды бердик. 

- Бул иштерди коомдук кеңеш аткарып калса, анда шаардык кеңеш эмне менен алек болот?

-Шаардык кеңештин чабалдыгынан, чала бизнесмен, коррупционерлер, кечээки ууру-депутат, министрлердин балдары, неберелери ошол жакка толуп алгандыктан, биз ушундай кейипте отуруп атпайбызбы.

-Анда шаардык кеңешти жоюп салса деле болот экен да?

-Мен бул пикирди буга чейин да айттым. Өз функциясын аткара албай, шаардын, шаар тургундарынын кызыкчылыгын коргой албай калган депутаттарды 2019-жылы таратыш керек. Быйыл шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү керек. Ууру-коррупционерлерге айланган Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын таратып туруп, татыктуу адамдарга шаардык кеңешке депутат болуп келүүгө шарт түзүш керек. 

- Коомдук кеңешке шаардык кеңештегидей эле адамдар чогулуп калбайбы?

-Ага жол бербеш үчүн биз конкреттүү түрдө жоболорду даярдайбыз. Баягы дежурлар, өз кызыкчылыгын көздөгөн адамдар эмес, чын эле күйүп-бышып, шаар үчүн күрөшүп келаткан адамдар ошол курамга кирсе, мэр да түз иштеп, мэрия дагы коррупциялык иштерге аралашпайт эле.