02.05.2018 13:20

Май айында жаратылыш газы алты тыйынга кымбаттады

Май айында жаратылыш газы алты тыйынга кымбаттады

Май айына карата жаратылыш газынын бир метр кубу калк үчүн 14,41 сом деп белгиленгенди. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, коммерциялык түзүмдөр менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алганда газдын бир метр кубу 17,66 сом болду.

Бул баа- апрель айындагы баага салыштырганда алты тыйынга кымбат. 

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы ар бир айдын башында Улуттук банкы тарабынан бекитилген доллардын расмий курсуна жараша тарифти бекитет. 1-майга карата доллардын расмий курсу 68,78 сомду түздү.