17.08.2018 12:08

Майып апасы менен инисин жалгыз баккан Айчүрөк нидерланддык уюмдан мини-грант утту

Майып апасы менен инисин жалгыз баккан Айчүрөк нидерланддык уюмдан мини-грант утту

Мындан эки жыл мурун Ош базарында желим баштык чогултуп, тапкан акчасына майып апасы менен инисин баккан Айчүрөк Сулайманова тууралуу укпаган адам калбаса керек. 13 жаштагы кыздын балалык доорун сүрбөй, бир үй-бүлө жоопкерчилигин мойнуна алган тагдыры Кыргызстанга эле эмес, Россияга чейин дүң дей түшкөн.

ЖМКлардын байма-бай чагылдырышы кыздын жашоосун оң нукка буруп, жардам колун сунган адамдар көбөйгөн. Жакында эле кыздын жашоосунда дагы бир жакшы окуя болду. Айчүрөк балдардын укугун жайылтуу долбоору менен KidsRights нидерланддык уюмунан мини-грант утуп алды. Эми кыз Бишкектеги жаңы конуштардын балдарына тренингдерди өтөт. Балдарды коргоо борборунун маалыматына караганда, аталган долбоордун максаты балдардын потенциалын жогорулатуу, укуктары тууралуу маалымат берүү жана туура жол тандоого, жакшы жашоого үндөө. 

Айчүрөк өзүнүн долбоорун  «Өнүгүү жаштар бирикмеси» жаштар уюмун негиздеген Калыс Умаров менен бирге ишке ашырат. Экөө тең калаадагы №86 мектептин окуучулары. Эки өспүрүм тең Балдарды коргоо борборунда тренингден өтүшүп, эми кенже жаштагы мектеп окуучуларына өз билгендерин үйрөткөнү турушат. 

Бул жылы «Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын өспүрүмдөрүнүн арасында арасында укук жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоорунун алкагында жаңы конуштардагы кыздардын потенциалын өнүктүрүүгө чоң басым жасалат.

Бишкектин тегерегинде 49 жаңы конуш бар, аларда 250 000 жакын ички мигранттар жашайт. Болгону ар бир жетинчи тургундун үйүндө суу чыгат. Конуш тургундары инфраструктуранын жоктугунан, мектеп, бала бакча, транспорттун жетишсиздигинен көп көйгөйлөргө тушугат. Бүгүнкү күндө 170 000 адам каттоосунун жоктугунан социалдык кызматтардан колдоно албайт.

Мигранттардын балдары Кыргызстандагы балдардын эң аялуу тобу болуп эсептелет. Алар ар кандай зордук-зомбулукка көп дуушар болушат. Өзгөчө өспүрүм кыздар.  Алар көп учурда документтери жок болуп, мектепти таштап, эрте күйөөгө чыгышат, өзүнө болгон ишенимдин жоктугунан потенциалын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.