28.09.2018 10:57

Майып арабада отурган Бишкек тургуну президент Жээнбековду үйүнө конокко чакырды

Майып арабада отурган Бишкек тургуну президент Жээнбековду  үйүнө конокко чакырды

Бишкектин майып арабада отурган тургуну Таирбек Ерматов  президент Сооронбай Жээнбековду үйүнө конокко чакырды. Жаран муну социалдык тармак аркылуу жасаган. 

«Жетээри күмөн болсо деле, ажобузга кайрылуу!!!
Урматтуу Сооронбай Шарипович! ушу бир убактыңызды таап, менин үйүмө келип конок болуп кетсеңиз, муногу өңгүл - дөңгүл көчөмө асфальт төшөлүп калып, астымдагы арабам менен ары - бери чыкканда ар кайсы ташка тыгылып, азап чекпей, оңоюраак болуп калабы деген үмүт да! Сооронбай ага, жок дебеңиз.
Постту бөлүшкүлө достор, бир бечаранын үнү, жогору жакта жаңырып калса ажеп эмес», -деп жазат Ерматов.