29.03.2018 11:00

Майып балдардын ата-энелери балдарына төлөнүүчү жөлөкпулду көбөйтүүнү суранышат

Майып балдардын ата-энелери балдарына  төлөнүүчү жөлөкпулду көбөйтүүнү суранышат

Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында майып балдардын ата-энелери катышкан митинг өтөт.  Буга карата  "Жаңырык" улуттук тармагы кайрылуу  таратууда. 

Митингдин максаты – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана алардын ата-энелеринин көйгөйлөрүнө бийликтин жана коомчулуктун көнүлүн буруу. 

Негизги сунуш - майып баланы карап үйдө отурган энелериндин эмгегин таануу жана 18 жашка чейинки жана 18 жаштан кийин майып балдардын жөлөкпулун жогорулатуу. 

"Майып бала бар үйдө энелер баласын күнү-түнү кароого аргасыз болгондуктан, жумушка чыгууга шарты жок. Көп учурларда мындай үй-бүлөлөр толук эмес, диагнозду уккан аталар баладан баш тартат. Көп үй-бүлөлөр баласынын майыптыгы үчүн мамлекет тарабынан  төлөнүүчү жөлөкпулга жашайт", -деп айтылат кайрылууда. Мында каражат баланын дары-дармеги эмес, күнүмдүк тамак-ашка коротулат. 

Мындан улам, 37 коомдук уюмдан турган  «Жанырык» улуттук тармагы  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдаргга жана алардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында  Өкмөттөн жана ЖК депутаттарынан  майыптык жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү суранып, кайрылуу жолдошкон,