06.04.2019 16:04
«Медиа-Форум» имаратынын алдында эртең Апрель Революциясынын баатырлары эскерилет
© КСДП катчылыгы
Эртең, 7-апрелде «Медиа-Форум» имаратынын алдында Апрель Революциясынын баатырлары эскерилет. Бул туурасында КСДПдан билдиришти.
Элдик революциясынын 9 жылдыгына арналган иш чара саат 12.30да башталат. Эскерүү митингинен кийин курман болгондорго багышталып куран окутулат.
Салт болуп калгандай, иш-чарага бардык каалоочулар чакырылат. Митинг-реквиемде экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башка коомдук жана саясий ишмерлер, курман болгондордун жакындары түзгөн коомдук бирикме өкүлдөрү сөз сүйлөйт.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: