26.10.2018 17:50

«MegaCom» компаниясынын жаңы жетекчиси маянасы канча болоорун билдирди

«MegaCom» компаниясынын жаңы жетекчиси маянасы канча болоорун билдирди

«MegaCom» компаниясынын мурунку жетекчиси айына 12 миң доллар маяна алып келген. Бул тууралуу аталган кызматка жаңы дайындалган Акылбек Жамангулов  Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Жамангулов буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында «MegaCom» компаниясынын жетекчилиги 20 миң долларга чейин айлык аларын айтып чыккан.

«Компаниянын топ-менеджери аларды эч ким текшербей турганынан пайдаланып негизсиз түрдө өзүлөрүнө көп айлыкты белгилеп алышкан. Жыйында мен ушул нерсени сынга алгам. Андан кийин Мамлекеттик мүлк фонду менен премьер-министр «MegaCom» компаниясынын топ-менеджерлеринин айлыгын кыскартуу чечимин кабыл алышты. Башкы директордун маянасы 60-70 пайызга чейин кыскартылды. Ал эми директор айына 20 миң доллар алып турган деген маалымат такталбай, аныгында жетекчинин айлыгы 12 миң доллар болгону ырасталды. Ошентсе да бул аябай көп деп ойлойм», — деген Жамангулов. 

Ал ошондой эле, компаниянын башка кызматкерлеринин айлыгы кыскартылбай турганын кошумчалады. Андан сырткары, ал жогорудагы кыскартууларды эске алуу менен айына болжол менен 3600 доллардай айлык чыгышы мүмкүндүгүн белгиледи.