06.03.2019 12:52

Мекенинде оор кылмыш жасоого шектелип издөөдө жүргөн казак жараны Кыргызстандан кармалды

Мекенинде  оор кылмыш жасоого шектелип издөөдө жүргөн казак жараны Кыргызстандан кармалды

Казакстанда өтө оор кылмыш жасоого шектелип издөөдө жүргөн казак жараны Кыргызстандан кармалды. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта такталгандай, кечээ, 5-мартта ыкчам-издөө иш аракеттери учурунда Аламүдүн айылынын аймагынан казак жараны Шокан Абылкасымов кармалган. Ал өз мекенинде оор кылмыш жасаганы үчүн мамлекет аралык издөөдө жүргөн. 

Кармалган жаран Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Эми аны Казакстанга өткөрүп берүү маселеси чечилмекчи.  

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 23-июнунда Астана шаарынын тургуну Саина Раисова топтук зордуктоого кабылган. 26 жаштагы кызды таарынышып жүргөн жигити үйүнө чакырган. Элдешебиз деген ой менен барган кызды жигити досу менен зордуктап салган. Ал учурду телефондун камерасына тартып, кызды коркутуп, кийин муну башка достору менен улантууну убадалаган. 

Зөөкүрлөрдөн кутулуу үчүн кыз 3-кабаттан секирген. Көптөгөн жаракаттарды алып, сөөктөрү сынган кызга ооруканада ыкчам операция жасалган. 

Саина зордукчуларды сотко берип, алардын бирөө 10 жылга кесилген. Ал эми Шокан Абылкасымов качып кетүүгө үлгүргөн.