03.05.2018 14:13

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырылуучу күн бекитилди

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  аттестат тапшырылуучу күн бекитилди

Билим берүү жана илим министрлиги өлкө мектептеринде бүтүрүү иш-чараларын өткөрүү күнүн бекитти. Ага ылайык, 9-класстын  бүтүрүүчүлөрүнө  аттестаттарды тапшыруу аземи 20-июнда саат  10.00дө өтөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ал эми, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүү  23-июнда саат 10:00дө башталат. Иш-чаралар мектеп аймагында гана болуусу тийиш деп жазылат билдирүүдө. Көңүл ачуучу жайларда же табигат койнунда иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. 

Мектеп директорлоруна  ата-энелер чогулушун өткөрүп, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө акча каражатын чогултууга чектөө салуу буйрулат. Ага ылайык, акча чогулткан класс жетекчилер, мугалимдер жана мектеп директору  жумуштан алынууга чейинки жоопкерчиликке  тартылат.