02.10.2018 13:49

Мектеп окуучулары күзгү каникулга качан тарай турганы белгилүү болду

Мектеп окуучулары күзгү каникулга качан тарай турганы белгилүү болду

Кыргызстандын мектеп окуучулары күзүндө 8 күн эс алышат. Билим берүү министрлиги күзгү каникулдун мөөнөтүн бекитти.

Маалыматка караганда, балдардын каникулу 5-ноябрда башталып, 12-ноябрда кайра окуу уланат.

Ошентип, окуучуларга 8 күн эс алууга мүмкүнчүлүк берилет.