06.08.2018 16:42

Мектептен ижарага алынган китептердин акысы эми банкка төлөнөт

Жаңы окуу жылында мектеп окуучулары ижарага алынган китептери үчүн акы төлөйт. Акчаны ата-энелер банкка төгушөт. Мындай жаңылыкты өлкөнун Билим берүу министрлиги киргизип жатат. Бул максатта атайын эсеп ачылып, ижарадан топтолгон каражаттын баары "Жаңы китеп" фондун өнүктүрүүгө жумшалат. Бул акчага министрлик жаңы окуу куралдарын чыгарууну же сатып алууну көздөп жатат. Жалпысынан биринчи сентябрьдан тарта окуучулар менен ата-энелерди бир топ эле жаңылыктар кутөт. Алардын орчундууларын кабарчыбыз санап кетет.