10.09.2018 15:16

Мектептерде окуучулардын ашыкча санда болуусу миграция маселесинен улам орун алууда

Мектептерде окуучулардын ашыкча санда болуусу миграция маселесинен улам орун алууда

Мектептерде окуучулардын ашыкча санда болуусу миграция маселесинен улам болууда. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Класстарда окуучулардын ашыкча толуу көйгөйү Бишкек шаарынын жана Чүй облустарынын мектептеринде байкалат. 

Маалыматка караганда, азыркы учурда өлкөдө 2262 мектеп иштейт, 1 млн 223 миң бала окуйт. Иштеп жаткан мектептердин долбоордук кубаттуулугу 774 120 орунду түзөт.

Алардын ичинен 446 мектеп бир сменалык, 1657 мектеп – эки сменалык жана 159 мектепте ашыкча толушуна байланыштуу башталгыч мектептерде окутуу ийкемдүү иш тартибине ылайык жүргүзүлүп жатат.

«Жалпысынан акыркы жылдары окуучулардын көбөйүшү байкалууда. Окуучулардын саны былтыркы жылга карата 4,0%га, 2012 жылга салыштырмалуу 18%га өстү. Шаарларда 25%га, айылдарда 14%га өсүү болду»,- дейт министрлик .

Буга чейин социалдык тармактарда, ЖМКларда Бишкек шаарында окуучулар бир партага 3-4төн отуруп окуганга аргасыз болуп жатканы, айрым мектептерде бир класста 40-50го чейин окуучулар бар экени тууралуу маалыматтар айтылып, Билим берүү министрлигинин дарегине сын-пикирлер айтылган.