Менделеев олимпиадасында Кыргызстандык окуучу коло медаль жеңди
Белоруссиянын Минск шаарында өткөн 52- Эл аралык олимпиадада Кыргызстандан барган 11-класстын окуучусу коло медалга татыктуу болду. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Олимпиада М.В.Ломоносов атындагы Белоруссия мамлекеттик университетинде 22-апрелден 29-апрелге чейин химия боюнча жүргөн.
Олимпиадага 22 мамлекет: Азербайджан, Армения, Белоруссия, Болгария, Венгрия, Грузия, Израил, Казахстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Россия, Румыния, Хорватия, Саудия Аравиясы, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан,Украина жана Эстониядан жогорку класстардын 130 окуучусу барган.
Кыргызстандан барган 8 окуучунун арасынан Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин 11-классынын окуучусу Баяман Базарбаев байгелүү орунга ээ болду.
Команданын калган мүчөлөрүнө катышуучу сертификаттар берилген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: