02.04.2018 15:23

Мэр жүргүнчү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү менен жолукту

Мэр  жүргүнчү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү менен жолукту

Калаа башчысы Албек Ибраимов маршруттук таксилердин иш таштоосуна байланыштуу жүргүнчү ташуучу фирмалардын башчылары менен жолукту.  

Жолугушууда мындай абалга алып келген кырдаал талкууга алынды.

Шаар мэри  калаа бийлиги  айдоочулардын көйгөйүн угууга даяр экенин билдирип, бирок, биринчи кезекте шаар тургундарынын кызыкчылыгы  эске алынаарын  айтты.  Ошондой эле, айдоочулар милдеттүү камсыздандыруу полиси тууралуу мыйзамды аткарууга тийиш экенин белгиледи.

Компания өкүлдөрү шаар башчысынын оюна макул болуп, айдоочулар арасында тушүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана жакын арада каттамды жөнгө салууну убада кылышты.