01.07.2019 17:58

Мэрия аптапта көчөлөрдү саат сайын «сергитип» турууну убадалады

Мэрия аптапта көчөлөрдү саат сайын «сергитип» турууну убадалады

Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасы жайдын аптаптуу күндөрүндө шаар көчөлөрүн  саат сайын жууп турууну чечти. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти. 

«Учурда ар бирине 8 тоннадан суу баткан 8 суу чачып-жуучу унаалар иштеп жатат. Азыр Абдрахманов, Чүй,​ Шопоков, Ибраимов,​ Фрунзе, Москва, Токтогул,​ Киев көчөлөрүнө суу чачылып жатат. Шаардын башка көчөлөрү дагы мындай «сергитүүчү» душ алдында жуулат», -деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле, ишкана калаа көчөлөрүн түнү менен жууп чыгуу иштерин улантып жатканы айтылат. Бул ишке бардыгы 11 атайын техника тартылып, 70тен ашык каттам жасап жатышат.

«Көчөлөрдү жуу иши түнкү саат  2:00-3:00тө башталып, таңкы 7:00гө чейин уланууда», -деп айтылат маалыматта.