19.09.2018 09:00

Мэрия БШКнын Суракматовго даректелген кыргыз тил экзаменин кайра тапшыруу сунушун карап жатат

Мэрия БШКнын Суракматовго  даректелген кыргыз тил экзаменин кайра тапшыруу сунушун карап жатат

Борбордук шайлоо комиссиясынын мэрге даректелген кыргыз тил экзаменин кайра тапшыруу сунушу мэрияга жетти, учурда документ кароо стадиясында.  Бул туурасында шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Азиз Суракматов  vesti.kg порталына: «Эгерде ошондой сунуш келе турган болсо, анда кайра экзамен тапшырам», -деп билдирген.

Эскерте кетсек, БШК 30-августтагы отурумунда Бишкек мэри Азиз Суракматовго «Кыргызтесттен» өтүүнү сунуштоо чечимин кабыл алган. Буга жарандык активист Канышай Мамыркулованын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын ал кездеги мэрликке талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилинде эркин сүйлөй алат деген чечимин жокко чыгарууну талап кылып жөнөткөн арызы себеп болгон.