12.07.2019 10:30
Мэрия муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишин катуу көзөмөлгө алды
Бишкек мэриясы муниципалдык аймактык башкармалыктарды (МАБ) катуу көзөмөлдөөнү чечти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэрияда 22 муниципалдык аймактык башкармалык иштейт, анын ар биринде 10дон адис бар.
Муниципалитеттин аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев мындан ары МАБдын ишин акимиаттар гана эмес, мэриянын борбордук аппараты да көзөмөлдөй турганын айтты. Башкармалыктардын жетекчилери эми мэрдин буйругу менен дайындалат.
Түлөбаев МАБ эл менен тыгыз иштебей, санитардык тазалоо, сугаруу, жашылдандыруу, жакшыртуу сыяктуу иштер ойдогудай болбой жатканын белгиледи. Бул боюнча эл да көп арызданып жатканын кошумчалады.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: