14.09.2018 11:18

Мэрия: Пенсионерди салбай кеткен маршруттук таксинин айдоочусу жазаланат

Мэрия: Пенсионерди салбай кеткен маршруттук таксинин айдоочусу жазаланат

Бишкекте пенсионерди албай кеткен №223 маршруттук таксинин айдоочусу жана ал иштеген жүргүнчүлөрдү  ташуучу фирманын ээси калаа мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгына чакырылды. Бул тууралуу April.kg порталына мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Анын айтымына караганда, мэриянын кызматкерлери ЖМКларда жарыяланган материалды транспорт башкармалыгына жөнөтүшкөн. Мындан соң айдоочу менен, ал иштеген  «Кут Консун» ЖЧКсынын ээсин териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн мэрияга чакыруу чечими кабыл алынган. 

«Бул маселени ЖКККББ менен бирге карап чыгабыз. Айдоочу тиешелүү жазасын алат», - деп убадалашты мэриядан. 

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда №223 маршруттук таксинин айдоочусу улгайган адамды албай кеткени тууралуу тасма тарап кеткен. Күбө кыздын айтымында, пенсионер тилемчи эмес болчу жана ичкичтерден да эмес эле.