21.06.2018 15:14

Мэрия: Шаар тургундары алдыдагы үч күн ичинде ысык суу менен камсыз болушат

Мэрия: Шаар тургундары алдыдагы үч күн ичинде ысык суу менен камсыз болушат

Шаар тургундарын ысык суу менен камсыздоо тутумуна  кошуу башталды. Бул туурасында калаа мэриясынан кабарлашты.

Бүгүнтөн баштап, тутумга "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын бардык от казандары кошулат.  Сыноолордун жыйынтыгында 54 бузулуу аныкталып, анын 34ү оңдолду. 

«Бишкекжылуулуктармагы» ысык суу менен алгач бала бакчалар, ооруканалар жана башка социалдык объектилер камсыз болоорун, ал эми шаар тургундарына 3 күндүн ичинде жетерин билдирди.

Мурда колдонулган жылуулук жана ысык суу үчүн карызы бар керектөөчүлөргө ысык суу берилбейт. 
Сууга байланыштуу кандайдыр-бир суроо жаралса, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот: 

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы : 49-10-11
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору : (0312) 61-11-69, 1980.
Диспетчердик кызмат: 56-85-58.