27.06.2018 16:59

Мэрия шаардыктарды асман алдындагы концертке чакырат

Мэрия шаардыктарды асман алдындагы концертке чакырат

Мэрия шаардыктарды асман алдындагы концертке чакырат. Иш-чара 29-июнь күнү Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында болмокчу. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Калаа мэриясы жана Октябрь райадминистрациясы уюштурган мындай маданий иш-чара экинчи  ирет өтүүдө.

Анда классика, эстрада жана элдик музыканы  сүйүүчүлөр үчүн  КР Эл артисти Б.Тилегеновдун жетекчилигинде элдик  музыкалык аспаптардын оркестринин  жана КР маданиятынын  отличниги О.Кашкаевдин жетекчилиги астында “Кыргыз-Руху” фольклордук ансамблинин коштоосунда концерт өтөт. 

Шаар бийлиги тургундарды жана конокторду алдыдагы эс алуу күндөрүнүн алдында маданий иш-чарага келип, жагымдуу музыканын коштоосунда көңүл ачып кетүүгө чакырат.