30.08.2018 17:45

Мэрия Суракматовдун айдоочусуна айып салынды деген маалыматты төгүндөйт

Мэрия Суракматовдун айдоочусуна айып салынды деген маалыматты төгүндөйт

Караңгылатылган унаа үчүн Суракматовдун айдоочусуна айып салынган жок, оозеки гана эскертүү берилди. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта: «Жол кыймылын тескөөчүлөр мэрдин айдоочусуна айып пул салды деген маалымат чындыкка жатпайт. Ага болгону оозеки түрдө эскертүү берилген жана айдоочу дароо айнектердеги жабууну сыйрып таштаган», -деп жазылат.