03.04.2018 12:17
Мэрия өз билемдик менен орнотулган соода күркөлөрүн жок кылууда
Мэриянын жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен бирге Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган 4 күркөнү алып салды.
Алар муниципалдык аймакка уруксаат берүүчү тиешелүү документи жок эле өз билемдик менен орнотулган.
Ошондой эле, Лев Толстой- Некрасов, Лев Толстой-Кривоносов, Некрасов-Тыныбеков, Гагарин-Ашар көчөлөрүндө жайгашкан дагы 4 соода күркөсү алынды.
Бул жер тилкелеринин ээлери мурда мэрия тараптан эскертүү алышкан. Бирок, аны аткарышкан эмес.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: