08.10.2018 11:35

Бишкек мэриясы пенсионерлерге коомдук транспорттордо бекер жүрө алышарын эскертет

Бишкек мэриясы пенсионерлерге коомдук транспорттордо бекер жүрө алышарын эскертет

Бишкек мэриясы бишкектик пенсионерлер коомдук транспорттордо бекер жүрө алышарын эскертет. 

Паспортунда жашаган жери катары Бишкек көрсөтүлгөн пенсионерлер 10 сом төлөп, автобус менен троллейбустарда акысыз жүрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган карточка ала алышат.

Карточка ар бир адамдын атына берилип, колдонуу мөөнөтү чексиз болот. Дал ушундай карточканы 1,2,3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, бала чагынан бери майыптар, 7 жашка чейинки балдар, «Кыргызпочтасынын» иш үстүндөгү кат ташууулары ала алышат.

Жеңилдик алуучу адамдарын энчилүү карточкасын Москва көчөсү №237 дарегинде жайгашкан Бишкек троллейбус башкармалыгынан шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 9:00дөн 16:00гө чейин алса болот. Сурап-билүү телефону:  0312 65-76-09. Карточканы алуу 10 сом турат.