14.09.2018 18:00

Миграция кызматы чет өлкөгө кетип жаткан кыргыз жарандарынын саны өсүп жатканын билдирди

Миграция кызматы чет өлкөгө кетип жаткан кыргыз жарандарынын саны өсүп жатканын билдирди

Чет өлкөгө кетип жаткан кыргыз жарандарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов 14-сентябрда өткөргөн маалымат жыйында кабарлады. Анын айтымында, расмий маалыматтар боюнча учурда чет өлкөдө 800 миңден ашык жаран бар. Анын 645 миңдейи Орусиянын аймагында жүрөт.

"Жалпы 800 миңден ашык жаран чет өлкөдө жүрөт. Алардын саны өсүүдө, бирок көп эмес. Биздин кызмат жарандарга жумуш таап берүү боюнча өз аракетин көрүп жатат. Учурда 14 мамлекеттеги 200 ишкана менен кызматташып, Кыргыз жарандарын жумушка орноштуруудабыз. Жыл башынан бери 7 миң жаран аталган ишканаларга иштөөгө кеткен",- деди Токтоболотов.

Ал кошумчалагандай, Миграция кызматынын Маалымат-консультациялык борборуна жумуш сурап 21 миңге жакын адам кайрылган. Алардын 5 миң 500гө жакыны аялдар болгон.